Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Социалдык фондунун жетекчиси Бактияр Алиев кызматтан кетет делген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, жогорудагы аты аталган жетекчилерге байланышкан кадрдык чечимдер кабыл алынган эмес.
Айта кетсек, буга чейин Байсаловдун ордуна агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, ал эми Алиев жетектеген кызматка Канат Асангулов келет деген маалыматтар тараган.