Биз социалдык тармакта

Кыргызстандын футбол курама командалары Түркияда жолдоштук беттештерди өткөрөт

23-марттан 31-мартка чейин Түркиянын Анталия шаарында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамалары окуу-машыгуунун алкагында бир катар жолдоштук беттештерди өткөрүшөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалым болгондой, беттештерге өлкөнүн улуттук жана U-23 Олимпиадалык курамалары, ошондой эле U-20 жаштар командасы катышат.
Улуттук курама 25-мартта Гвинея, ал эми 28-мартта Мадагаскар менен беттешет. 23 жашка чейинки курама 26-мартта Сербия, 30-мартта Иорданиянын футболчулары менен таймашат. Ал эми 20 жашка чейинкилер 27-мартта иорданиялыктар, 30-мартта Босния жана Герцеговинанын жаштары менен оюн өткөрүшөт.
"Окуу-машыгуу жыйындары жана жолдоштук оюндар командалардын, алдыдагы эл аралык мелдештерге жана расмий беттештерге даярдык көрүүдө маанилүү этап болуп саналат. Айрым беттештер мурда пландалган атаандаш командалардын окуу-машыгуу жыйындарын уюштуруудагы өзгөрүүлөргө байланыштуу жокко чыгарылды",- деп белгиленет маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан