Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков башка кызматка которулгандыгына байланыштуу кызматынан бошотулду. Калаа бийлиги тиешелүү буйрукка шаар башчысы Айбек Жунушалиев кол койгонун билдирди.
Маалымдалгандай, анын ордуна Кубанычбек Иманалиев дайындалды.