Бүгүн, 18-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов парламенттин 11-марттагы жыйынында президент Садыр Жапаровго берген суроосун эске салып, журналисттер аны бурамалаганын айтты.
"Журналисттер аны эмне деп чыгарышты? "Эрулан Кокулов президентке даттанды" деп чыгарышты. Мен бул жерден прездентке суроолорду берсем, анан ал үчүн даттанган болсом, анда мен айыл өкмөткө деле даттанат экенмин, акимге деле, министрге деле даттанат экенмин да",- деди ал.
Эске салсак, анда өлкө башсы эл өкүлүнө "депутаттардын кадырынын түшүп кетиши ар бир депутаттын өзүнөн" деп жооп берген.