Бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Марлен Мамталиев депуттаттарга кайрылып, трибунадан берилген 10 мүнөттүк убакытта чоң маселелерди көтөрүүгө чакырды.
Спикер эл өкүлдөрү айтып чыккан маселелер ар бир депутаттык топтун башчылары менен кеңешкенден кийин гана көтөрүлө тургандыгын белгиледи.
"Эртең менен депутаттык топтордун лидерлери менен отуруп сүйлөшкөнбүз. Анын алкагында ар бир депутат 10 мүнөттүк убакыт сураганда сөзсүз түрдө аны өзүнүн лидерлери менен акылдашышы керек. Алар гана (ред:. депутаттык топтордун лидерлери) же алардын орун басарлары гана 10 мүнөт берүүнү сурайт. Бул жерде кайсы бир катмардын, кайсы бир нерсенин реформасын же көйгөйүн айтып, чоң бир маселелерди көтөрүүгө чакырып кетет элем, урматтуу депутаттар",- деди Маматалиев.