Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара Баатырова баатыр энелер үчүн мамлекеттик санаторий түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу пикирин эл өкүлү парламенттин 18-марттагы жыйынында айтты.
Айтымында, азыркы учурда республика боюнча 37 миңге чукул баатыр эне бар.
"Баатыр энелердин басымдуу бөлүгү орто жана улгайган курактагы жарандар болуп эсептелет. Алардын көп жылдык эмгеги, төрөт жана үй-бүлөлүк жүктөм ден соолуктарына өтө олуттуу таасир тийгизип жатат. Буга байланыштуу көп кайрылуулар болууда.
Бул категориядагы жарандар үчүн атайын санаторий-курорттук дарылануу эс алуу мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз болууда. Мындан улам баатыр энелер үчүн көлдүн жээгинен болобу же башка аймакка мамлекеттик санаторий түзүп берүү мүмкүнчүлүктөрүн карап берүүнү суранып жатышат",- деди депутат.