Биз социалдык тармакта

Депутат: "Чет өлкөдөн келген кымызды ичип жатабыз" (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Узакбаев жарандар чет өлкөдөн келген кымызды ичип жатышканын айтып, ата мекендик өндүрүштү колдоого алуу зарылдыгын белгиледи.

Мындай пикирин эл өкүлү парламенттин 18-марттагы жыйынында билдирди.

Ал Туризм департаменти алдын ала жеке ишкерлер менен сүйлөшүп, улуттук суусундукту жарнамалоо керек деп эсептейт.

"Суусамыр аймагында кымыз менен дарылоо көбөйүп жатат деп айтабыз. Өзүңүздөр көрүп жатасыздар, дүкөндөрдөгү чет өлкөдөн келген кызмыздарды ичип жатабыз. Ал эми өзүбүздүн кымыздын маркетингин кыла албай турабыз. Менимче, Туризм департаменти комплекстүү ойлонуп, чоң иштерди кылышса. Алдыда жай мезгили келүүдө. Алдын ала ал жерге барып, жеке ишкерлер менен жолугуп, сүйлөшсө",- деди депутат.

Депутат: "Чет өлкөдөн келген кымызды ичип жатабыз"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан