Кара-Балта шаарында "Ласточка" муниципалдык бала бакчасы 64 жылдан бери бир жолу да оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Узакбаев парламенттин 18-марттагы жыйынында билдирди.
Эл өкүлү жыйында аталган мекеменин жамааты ага кайрылганын белгиледи.
"Имараттын курулганына 64 жыл болуптур. Бир жолу да капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлбөптүр. Бул маселени көзөмөлгө алып, карап берсеңиздер. Чынында 64 жылдан бери бир жолу да оңдоп-түзөөдөн өтпөгөнүнө өзүм дагы таң калып жатам",- деп депутат президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылды.