Бүгүн, 18-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Табылды Муратбеков Лондондогу British Museum музейинде экспонат катары коюлган кыргыз калпагын алмаштыруу керектигин айтты.
"Ал калпак эски, улуттук жүзүбүздү татыктуу көрсөтпөй турган деңгээлде" деп кайрылып жатышат. Калпак - улуттук символубуз, андыктан биздин улуттук баалуулуктарыбыз дүйнөлүк деңгээлде татыктуу көрсөтүлүшү керек",- деди ал.