Кечээ, 17-мартта тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев дипломатиялык корпуска ооз ачар уюштурду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, министр Кыргызстанда аккредиттелген дипломатиялык миссиялардын башчылары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү үчүн ооз ачар уюштурду. Ошондой эле, иш-чарага мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилиги, православ жана католик конфессияларынын дин кызматкерлери да катышты.
Кечени ачып жатып Кулубаев конокторду ыйык Орозо айынын урматына куттуктап, анын руханий тазалануунун, боорукерликтин жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды бекемдөөнүн мезгили катары маанисин белгиледи.
Мындан тышкары, эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирип, дүйнөдө болуп жаткан жаңжалдарды тынчтык жолу менен, жалаң гана саясий-дипломатиялык ыкмалар аркылуу жөнгө салуунун маанилүүлүгүн да кошумчалады.