Бүгүн, 18-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын төрагалыгына Алмаз Бакетаевдин талапкерлиги каралды.
Аны депутаттарга президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды. Жыйынтыгында депутаттар анын талапкерлигин жактырышты.
Айта кетсек, Бакетаев буга чейин финансы министри кызматын аркалап келген. Бакетаев бүгүн финансы министри кызматынан бошотулганы тууралуу маалыматтар чыкканы менен расмий маалымат бериле элек болчу.