Актёр Эркин Усенбаев менен жубайы экинчи ирет наристелүү болушту. Актёр мырза кубанычтуу жаңылыгын социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.
Анын сөзүнө караганда, келинчеги 9-мартта көз жарган.
"9-мартта биз экинчи ирет ата-эне болдук. Кош келдиң, биздин татынакай ханышабыз",- деп билдирүү калтырды ал.
Жубайлар буга чейин бир уулду чоңойтуп келишкен.