Биз социалдык тармакта

Актёр, режиссёр Азамат Арыков 41 жашка толду

Бүгүн, 18-март актёр, режиссёр Азамат Арыковдун туулган күнү. Ал бул жылы 41 жашка толду.

Актёр мырзанын өздүк майрамында жубайы Бегай Салыбекова социалдык тармактагы баракчасына куттуктоо жазып, өзүнүн ыраазычылыгын билдирип өткөн.

"Кудайга миң мертебе шүгүр кылам, сиздей мээримдүү, ак көңүл, күчтүү адамды мага насип кылганы үчүн. Сиз бар үчүн жашоом жарык, сиз бар үчүн жүрөгүм тынч. Сиз биздин үй-бүлөнүн тиреги, балдарыбыздын эң мээримдүү атасысыз. Сиздин жылуу сөзүңүз, камкордугуңуз мен үчүн эң кымбат белек.

14 жыл бирге жашап, канча сыноолордон өтсөк да, сиз дайым жанымда болдуңуз. Ошол үчүн сизди огобетер сүйөм. Кудайым бизди эки дүйнө бактылуу кылсын",- деп билдирүү калтырган жубайы.

Азамат Арыков 1985-жылы 18-мартта Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 2005-жылы Улуттук көркөм сүрөт академиясына тапшырып, андан кийин "Оймо" киностудиясына жумушка орношкон. Ал 2010-жылы режиссёр болууну чечип, Эрнест Абдыжапаровдун келечектеги режиссёрлор үчүн жыл сайын өтүүчү үчүнчү мастер-классына жазылат. Мастер-классты ийгиликтүү аяктап, режиссёрлукка карай жолду режиссёрдун жардамчысы, актёр жана аткаруучу продюсер болуп иштөө менен баштаган.

Андан соң көптөгөн тасмаларды актёр, режиссёр катарында жаратты. Акыркы тарткан тасмалары: "Ниет" жана "Аят 4" болду. Андан сырткары "Аят 1,2,3", "Билерик", "Жашоо керемет", "Ысык-Көл беш бармагы" жана башка кинолорду тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан