Акыркы сутка ичинде республика аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 24-январда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2, Ош шаарында 2, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар болгон жок.