Биз социалдык тармакта

Парламент Руслан Суйналиевди финансы министри кылып дайындоого макулдук берди

Бүгүн, 18-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында финансы министри кызматына Руслан Суйналиевдин талапкерлиги каралды.

Аны депутаттарга президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды. Жыйынтыгында эл өкүлдөрү анын талапкерлигин жактырышты.

Айта кетсек, Суйналиев буга чейин финансы министринин биринчи орун басары кызматын аркалап келген. Мунун алдында парламент мурунку каржы министри Алмаз Бакетаевди Улуттук банктын төрагасы кызматына шайлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан