Манас шаарында 6 миллиард 800 миллион сомго курулуп жаткан облустук филармониянын курулушу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта курулуш министри Нурдан Орунтаевдин Жалал-Абад облусундагы жыйынында маалым болду.
Маалыматта белгиленгендей, курулуштун долбоору кайрадан каралат.
Айта кетсек, буга чейин Манастагы жаңы административдик имараттын маңдайындагы 2 гектар жерге филармониянын курулушу башталган. Долбоор боюнча чоң залы 1500 орундуу, кичи залы 500 орундуу болмок.