Биз социалдык тармакта

Курулуш министрлиги Манастагы бир нече объекттин курулушун өз көзөмөлүнө алды

Манас шаарындагы бир нече курулуштар Курулуш министрлигинин карамагына өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалым болгондой, эми министрлик 5200 орундуу Спорт сарайдын, облустук оорукананын 7 кабаттуу кошумча имаратын, президенттик “Акылман” лицейинин, Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясынын илимий борборунун, шаардык музейдин жана Көк-Арт дарыясынын жээгинде курулуучу насостук станциянын курулушун көзөмөлдөйт.

Министр Нурдан Орунтаев облус жетекчилери менен жыйын өткөрүп, бул чаралар президенттин тапшырмасына ылайык, курулуш иштеринин сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүүгө, объекттерди өз мөөнөтүндө бүткөрүүгө жана бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууга багытталганын белгиледи. Ошондой эле Манас шаарындагы башка курулуш иштеринин жүрүшү белгиленген тартипте улантыларын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан