Бүгүн, 18-марттагы парламент жыйынында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматовду ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралды.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Венера Салямова Маматов кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын билдирди.
Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Кайрат Маматовду БШК мүчөсү кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотту. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.