УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев ИИМдеги суракка өзү барганын жакындары билдиришти.
"Генерал аэропорттон түшүп эле "түшүндүрмө берип, анан үйгө барам" дептир. Аны эч ким зордоп суракка чакырган эмес. Бурмалабай так маалымат бергиле",- деп белгиленген билдирүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин Ташиев ИИМге сурак берип жатканы боюнча маалымат тараган. Ал "Кыргызнефтегаздагы" коррупция схемасы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак берип жатат.
Камчыбек Ташиев 17-февралда өлкөдөн чыгып кеткен болчу.