21-март - Нооруз майрамын утурлай Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан турнирден "Достук" жана "Мурас" командаларынын көк бөрүчүлөрү четтетилишти. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Көк бөрү федерациясынан билдиришти.
Анын себеби 17-март күнү оюн учурунда командалардын ортосунда орун алган пикир келишпестик экендиги маалым болду. Видеоматериалдар кайра каралып, чечим Ысык-Көл облустук милициясынын жана тартип комиссиясынын сунуштамасынын негизинде кабыл алынды.
Федерация алардын ордуна кийинки оюндарга "Алтын Альянс" командасы катыша тургандыгын кошумчалады.