Каталондук “Барселонанын” президенти Сандро Росель кызмат ордун бошотту

Бүгүн, 24-январда каталондук “Барселона” футболдук клубу клубдун президенти Сандро Роселдин расмий түрдө кызмат ордун бошотконун жар салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары маалымдады.

Маалыматка ылайык, клубда президенттин кызматын вице-президент Жозеп Бартомеу аткарат. Бартомеу Сандро Роселдин командасы жеңишке жетишип, клубдагы бийликти колго алганда келген. Демек, 2016-жылга чейин ал президенттик орунда калмакчы.

Эске салсак, Росель “Барселонанын” акыркы трансферлеринин биринде чоң акча короткону үчүн айыпталууда. Бразилиялык Неймардын трансфердик баасы расмий түрдө 57 миллион евро деп айтылганы менен, аны курамга кошууда клуб 97 миллион евро короткон деген кеп али күнгө чейин айтылып келет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан