Бүгүн, 19-мартта президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялардын фонунда Кыргызстандын улуттук коопсуздугун, анын ичинде азык-түлүк жана энергетика тармактарындагы коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланды. Мындан тышкары, Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү өлкөнүн стратегиялык объекттеринин тизмеси боюнча сунуштарды беришти.
Жыйынтыгында мамлекеттик органдардын жетекчилерине, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине тиешелүү тапшырмалар берилди.