Бүгүн, 24-январда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында старт алуучу футбол боюнча “Шериктештик кубогу-2014” эл аралык мелдешинде 21 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Кыргызстан курама командасы Украина менен беттешет. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, мелдештин “А” тайпасында орун алган Кыргызстан 1-тур оюнун Украинага каршы өткөрөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча 16:15те башталат.
Эске салсак, Украина курама командасы өткөн жылы дал ушул мелдештин финалына чыккан.