Биз социалдык тармакта

"Эки өлкөнүн элинин үмүтүн ишке ашырып..." Тажикстандын президенти кыргызстандыктарды куттуктады

Бүгүн, 20-мартта Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкө башчысы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
“Бул куттуу майрамга байланыштуу эң жакшы каалоо-тилектерибизди кабыл алыңыз. Биздин элдер Рамазан айынын жакшы каада-салттарын жана ислам дининин чыныгы идеалдарын чагылдырган бул ыйык майрамдын руханий-адептик баалуулуктарын эзелтеден бери жогору баалап келишет. Бул майрамдын бекем баалуулуктарынын негизинде тажик-кыргыз достук, өз ара түшүнүшүү жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелери сапаттык жактан жаңы бийиктиктерге жетип, эки өлкөнүн элинин үмүтүн ишке ашыруу менен мындан ары да кеңейип, бекемделе берерине ишенем. Дүйнө жүзүндөгү бардык мусулмандар үчүн кубанычтуу болгон бул күндөрү Сизге Жараткандан чың ден соолук, бакыт жана жаңы ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, бейпилдик, бакубат жашоо, молчулук жана туруктуу өнүгүүнү каалайм”,- деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан