Жалал-Абадда «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды

Жалал-Абадда 2013-жылдын 12 ай ичинде диний экстремизмге байланышкан 43 факты аныкталды. Алардын 31ине кылмыш иши козголуп, 523 адам каттоого алынды. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалгандардан «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун идеяларын таркатуучу 971 буюм, китептер, баракчалар, дисктер, аудио-видео кассеталар, кол жазма дептерлер, мобилдик телефондор далил зат катары алынган.

Ал эми ушул жылдын январь айында Жалал-Абад ОИИБинин 10-бөлүмүнүн жана Аксы, Базар-Коргон РИИБинин милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүүсүнүн натыйжасында «Хизбут-Тахрир» уюмуна байланышкан 4 факт аныкталып, 3 адам кармалды жана «Мухторат», ОНГ, «Ислом Давлати», «Вой Халифамей» аталыштарындагы 7 даана китепче, 8 даана баракча жана 1 даана флешка алынды.

Ушул жылдын 14-январында саат 15:30 чамасында Аксы районунун Мамай айылы аркылуу мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн Өзбекстандын Маргелан шаарынын тургуну, 1987-жылы туулган Ш.Улугбеков кармалып, көтөрүп жүргөн баштыгынын ичинен 2 даана баракча табылды. Ошондой эле 20-январь күнү Базар-Коргон районунун тургуну, 1980-жылы туулган Э.К. кармалып, анын автоунаасынан жана үйүнөн 5 даана китеп, 6 даана баракча, 1 даана флешка табылды. 21-январь күнү Сузак районунун тургуну, 1962-жылы туулган Ж.Ш. дан 2 даана китепче алынды.

Учурда жогорудагы кармалган жарандардын үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
tairbek.
2014-01-24 10:46:03
жалан озбек улутундагы адамдар болсо керек
0
inoplanetyanin
2014-01-24 10:48:00
nendurain ***ttar!
0
Mr.katagan
2014-01-26 19:47:45
Ушуга окшогон динчилмин дин учун кызмат кылам деп калптан динчил болгон жетимдерди атып эле салыш керек
0
step_by_step
2014-01-29 19:57:30
Ushunu baaryn 4ym4yktai kylyp atyp salyw kerek da sottop anan ele 1 ai otpoi bowotup jibere berbei. Zakon iwtesin.Kytai elinikindei kylyp olum jazasyna tartyw kerek.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан