Футбол боюнча 2014-жылкы Дүйнө чемпиондугунун расмий гимнин Женнифер Лопес менен Pitbull аткарат

2014-жылы Бразилияда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун расмий гимнин Женнифер Лопес, Pitbull жана Клаудиа Лейтте аткарат. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, “We аre оne” деген аталыштагы чыгарма англис тилинде жана португал тилинде обого жаңырат.

Эске салсак, "ЮАР-2010дун" расмий гимни катары R Kelly аттуу аткаруучунун "Sign of a victory" чыгармасы аталган. Бирок расмий гимн колумбиялык ырчы Шакиранын жана жергиликтүү "Frechlyground" тобунун аткаруусунда жаңырган "Waka-waka" чыгармасы сыяктуу элге сиңген эмес. Ошол себептүү, "ЮАР-2010дун" гимни катары "Waka-waka" чыгармасы белгилүү болуп калган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rinatik94
2014-01-24 10:44:36
Жакшы, жакшы. ..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан