Биз социалдык тармакта

"Баарын жоготуп жалгыз калуу". "Аю Холдингдин" негиздөөчүсү Абдыкеримов Лондондобу?

Социалдык тармактарда сыртынан камакка алынган "Аю Холдингдин" негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун Лондондо жазганы тарап жатат.
Анда Абдыкеримов камакка алынган Элдар Жакыпбеков УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин көрсөтмөсү менен анын бизнесине, өзүнө каршы иштерди жасаганын баяндаган. Ал беш жолу операция болгонун кошумчалаган.
"Өмүр менен өлүмдүн ортосунда жатканда баарын башкача көрө баштайт экенсиң. Мен көп учурда өзүмө ушул суроолорду бере берем: Булар кандай, кантип болду? Отуз жыл бою чоң бизнес куруу. Миңдеген адамдарды жумуш менен камсыз кылган бизнеске өтүү. Анан үч эле жылдын ичинде бүт баарын жоготуп, жалгыз калуу. Бизнесиңди, ден соолугуңду, үй-бүлөңдү жоготуу жана Лондондо жалгыз калуу", - деп айтылат анда.
Белгилей кетсек, Шаршенбек Абдыкеримов 2023-жылы 8-сентябрда сыртынан камакка алынган. УКМК сентябрда Абдыкеримовго таандык бир катар ири объекттер мамлекетке кайтарылганын маалымдаган. Былтыр ноябрда Камчыбек Ташиев атайын кызматты жетектеп турганда аны спирт ичимдиктерине болгон акциздик салыкты төлөбөй келген деп айыптаган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан