21-мартта Нооруз майрамын утурлай Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында уюштурулган улуттук кыз куумай оюнунда кооптуу учур жаралды. Интернет желесине тараган видеодо ат тосмодон секирип кетип, үстүндөгү кыз кулап, ат кызды тебелеп кете жаздадаганын көрүүгө болот.
Күбөлөр кооптуу учурдан кийин да кыз оюнду улантып жүргөнүн билдиришип, анын кайратмандыгына суктанышты.
Тиешелүү кызматтар улуттук оюнга катышкан кыздын абалы жана кооптуу учур боюнча расмий маалымат берише элек.