Интернет мейкиндигинде ички иштер министри Улан Ниязбековдун Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын имаратынын капталында тамеки чегип турганы тартылган видео тарап, кызуу талкуу жүрүүдө. Күбөлөр "мыйзам баарына бирдейби?” деген суроону ортого салышууда.
Анткени министр чылым чеккен жерде атайын уруксат берилген белги жок. Ошондой эле ал тамекинин калдыгын атайын урнага эмес, жерге таштап койгон учур да коомчулуктун сынына кабылды. Окуя Орозо айт күнү намаз окуу учурунда болгонун байкоого болот.
Эскерте кетсек, коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салуу боюнча өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жарлыгы чыккан. Анын негизинде жарандарга атайын көрсөтмөсү бар жерде гана тамеки тартууга уруксат берилет.
Эгер мыйзам бузулса, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 83-беренесине (Белгиленбеген жерлерде тамеки заттарын тартуу) ылайык, жарандар административдик жоопкерчиликке тартылышат.
Аталган берене боюнча: жарандарга 3000 сомго чейин айып пул салынат.