Биз социалдык тармакта

  "Жүр ээрчишип кетели өрүкзарга". Баткенде өрүк гүлдөдү (видео)

Дүйнөгө өрүгү менен таанылган Баткенде өрүк гүлдөдү. Жыл сайын жаз келгенде ал аймактагы өрүк бактар аппак гүлгө оронуп, айлананы өзгөчө кооздукка бөлөйт.
Өрүктөр гүлдөгөн маалда аймакка келген коноктор да көбөйөт. Көптөр гүлдөгөн өрүк бактарын көрүп, сүрөткө түшүп, табияттын сулуулугуна суктанып кетишет.
Баткендеги өрүк гүлүнүн кооздугун айрымдар Япониядагы сакура менен салыштырат. Япондор дүйнөгө сакуранын гүлдөшүн даңкташса, Баткен өрүкзардын ажайып гүлдөшүн сөз кылат.
Өрүкзар апрелдин башында гүлүн төгүп, мөмөсү июнь, июль айларында бышат. Сөз кылгандай эле өрүк Баткендин бренди жана да негизги киреше тармагы болуп саналат.
Аталган облуста 10 миң гектардан ашык өрүк бак болсо, анда жемиштин 20дан ашык сорту бар. Ошондой эле ар бир үйдүн короосунан эң аз дегенде 10-15 түп өрүк багын көрүүгө болот.

Видео: Белек Мусаев


Өрүкзарлуу Баткен
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан