Биз социалдык тармакта

Министрлик Манастагы филармониянын курулушу боюнча түшүндүрмө берди

Курулуш министрлиги Манас шаарындагы филармониянын курулушу токтотулганы боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, имараттын долбоору кайрадан каралып, анда аймактын өзгөчөлүгү жана муктаждыктары эске алынат.

"Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда 27 мектеп авариялык абалда турат. Ушуга байланыштуу Манас шаары үчүн 6,8 миллиард сомго бир ири филармония курууга караганда, аталган каражатты зарыл болгон социалдык муктаждыктарга багыттап, ондон ашык жаңы мектепти куруу – убакыт талабына жооп берген туура чечим болуп эсептелет.

Ал эми филармониянын курулушу убактылуу токтотулду. Анын долбоору кайрадан каралып, аймактын өзгөчөлүгүн жана муктаждыктарын эске алуу менен, келечекте чакан форматтагы филармония куруу мүмкүнчүлүгү да каралат",- деп айтылат расмий билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин Манастагы жаңы административдик имараттын маңдайындагы 2 гектар жерге филармониянын курулушу башталган. Долбоор боюнча чоң залы 1500 орундуу, кичи залы 500 орундуу болмок.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан