Биз социалдык тармакта

Өзбек футболчусу Абдукодир Хусанов "Манчестер Сити" менен Англияда тарых жаратты (видео)

Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курамасынын борбордук коргоочусу Абдукодир Хусанов "Манчестер Сити" клубунун тарыхына кирди. Ал өз карьерасындагы алгачкы ири европалык титулду жеңип алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

23-мартта Лондондогу "Уэмбли" стадионунда өткөн Англия лигасынын кубогунун финалында "Сити" "Арсеналды" 2:0 эсебинде утуп, чемпион аталды. Бул жеңиш менен Хусанов Англиянын жогорку лигасында ойноп, ири титул уткан алгачкы өзбек футболчусу болуп тарых жаратты.

Финалдык беттеште башкы машыктыруучу Пеп Гвардиола аны негизги курамга кошуп, коргоочу толук 90 мүнөт ойноого мүмкүнчүлүк алды. Ал коргонууда ишенимдүү оюн көрсөтүп, өзгөчө Виктор Дьёкереш сыяктуу кооптуу чабуулчуну натыйжалуу көзөмөлдөп турду.

"Манчестер Сити" клубунун негизги коргоочусу Рубен Диаш жаракат алганына байланыштуу Хусанов мүмкүнчүлүк алып, машыктыруучулардын ишенимин толук актады.

Хусанов кубокту көтөрү чыгып, күөрөрмандарын кубантты.

Эскерте кетсек, бул беттеште "Ситинин" курамындагы Нико О'Райли эки гол киргизип, команданын жеңишине чоң салым кошту. Дарбазачы Жеймс Траффорд да бир катар мыкты тосууларды жасап, команданы сактап калды.

Өзбек футболчусу Абдукодир Хусанов "Манчестер Сити" менен Англияда тарых жаратты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан