Биз социалдык тармакта

Деңизде 1001 күн (бакыт байлыкта эмес экенин чагылдырган сериал)

(Башталышы)

(Мындан 24 жыл мурун)

Кээде тагдыр адамдын жашоосуна катуу эшик какпайт. Ал акырын келет.

Бир көз караш болуп.

Бир сөз болуп.

Же болбосо бир жолугушуу болуп. Ошол жолугушуу көп учурда көшөгө артында башталат.

Ош шаарынын жайкы кечтеринин бири эле. Асман тунук, аба жылуу. Шаардын маданий сарайында чоң концерт өтүп жаткан. Сахнада жарыктар күйүп, музыка жаңырып, эл кол чаап жатты. Бирок чыныгы окуя сахнада эмес эле, ал көшөгө артында башталды.

Көшөгө артында адамдар шашып жүрүшчү. Кимдир бирөө костюм издеп, кимдир бирөө кагаз бетиндеги нотасын карап, дагы бири кайра-кайра күзгүдөн өзүн тиктеп оңдонуп-түздөнүп жатты.

Ошол жерде сахнага чыгууга даярданып жаткан кыз бар эле. Аты – Тинатин. Узун кара чачы белине чейин түшүп, ак жуумал, көздөрү терең жана ойлуу тиктеген жан эле. Тинатин катуу сүйлөгөндү жактырчу эмес. Ал көбүнчө адамдарды толук угуп, анан гана жооп берчү. Анын жан дүйнөсүндө дайыма бир жай ыргактагы музыка жашап тургандай сезилчү.

Ал ошол кечте да сахнага чыгышы керек эле. Колундагы кагазды акырын бүктөп, терең дем алды. Дал ошол учурда бир жигит эшиктен кирип келди. Узун бойлуу, кең далылуу, кара тору жигит... Көздөрү курч, бирок мээримдүү. Кадамдары ишенимдүү болчу.

Бул жигиттин аты – Марат. Ал шаарда көпчүлүккө таанымал болбосо да, өзүнүн өзгөчө мүнөзү менен башкалардан айырмаланып турчу. Анын сүйлөгөнү аз, бирок көз карашы терең эле. Марат ал жерге жөн эле келген эмес, эжесинин артынан келген.

Эжеси – Чачыкей. Мүнөзү катуу, шар жүргөн, түз сүйлөгөн кыз эле. Адамды тиктегенде аны ичинен билип, ойлорун окуп тургандай карачу. Адамдар анын көз карашынан чочулап турушчу. Себеби Чачыкейдин бир касиети бар – табиятынан көрөгөч, алдын ала туюу сезими күчтүү жан. Бирок бул касиетин ал эч кимге айткан эмес. Анткени адамдар мындай нерсеге ишене бербейт же болбосо коркушат. Чачыкей сахнага чыгып кеткенде Марат ошол жерде жалгыз калды.

Анын көзү күтүүсүздөн Тинатинге түштү. Кээде адам биринчи жолу көргөн адамын дароо тааныйт. Эмне үчүн экенин өзү да түшүндүрө албайт. Ошол сыяктуу Марат да бир карап эле катып калды.

Тинатин болсо аны байкабай, колундагы кагазды карап турган. Бир нече секунд өттү. Андан кийин Тинатин башын көтөрдү. Экөөнүн көз карашы биринчи жолу кездешти. Ошол заматта убакыт бир саамга токтоп калгандай болду экөөнө. Кээде адамдардын ортосунда диалогго сөз керек болбойт, көздөр эле жетиштүү. Тинатин биринчи болуп көзүн ала качты. Марат болсо жай жылмайды.

– Кечиресиз...- деди ал акырын. – Бул жактан сахнага чыгышабы?

Тинатин бир аз уялып, башын ийкеди.

– Ооба... Ушул эшиктен.

Марат дагы бир аз карап турду да, күтүлбөгөн сөз айтты.

– Сиз сахнага чыгасызбы?

– Ооба.

– Анда бүгүн концерт жакшы болот окшойт.

Тинатин таң кала карады аны.

– Эмнеге?

Марат жылмайып жооп берди.

– Себеби сахнага чыга турган адамдын көздөрү ушунчалык тынч болсо, демек, анын жүрөгүндө чыныгы музыка бар.

Бул сөз Тинатинди бир аз уялтты. Ал мындай комплименттерге көнгөн эмес болчу. Ошол кечте алар көп сүйлөшкөн жок. Бирок ошол кыска баарлашуу экөөнүн тагдырындагы өзгөчө окуя эле.

Кээде сүйүү чоң окуядан башталбайт, ал жөн гана көшөгө артында башталат. Ошол түнү Чачыкей үйгө кайтып бара жатып бир маалда токтоп калды. Артка бурулуп, инисине карады.

– Марат?

– Эмне болду?

Чачыкей бир аз ойлонуп туруп жай айтты:

– Бүгүн сенин жашооң өзгөрдү.

Марат күлүп жиберди.

– Эмне үчүн?

Чачыкей жооп бербей, асманды карады.

– Анткени сен бүгүн өз тагдырыңды жолуктурдуң.

Марат ал сөзгө ишенген жок. Ал болгону бир кызды көрдү. Бирок... Тагдыр дал ошол учурда өз күчүн көрсөтүүгө киришкенин экөө тең али билген эмес...

xxx

Кээ бир адамдар жашоо агымына жеңил аралашпайт, тагдыр аларды бала кезинен эле сынай баштайт. Чачыкей да ошондой адамдардын бири эле.

Ал кезде Чачыкей болгону 18 жашта болчу. Бирок анын көздөрүндө жаш кызга таандык сергектик эмес, эрте чоңойгон адамдын бир кайгысы жашачу. Алардын үй-бүлөсү мурда жөнөкөй, бирок бактылуу жашачу. Атасы мал чарбачылыгы менен алектенген сабырдуу киши болсо, апасы болсо үйдүн жарыгы эле – жумшак мүнөз, мээримдүү аял. Үйдө дайыма күлкү жаңырып турар эле. Кичүү иниси Марат апасынын айланасында чуркап жүрчү. Ал кезде ал болгону он жаштагы шайыр бала... Бирок бактылуу күндөр кээде күтүүсүз үзүлөт. Ошол түн Чачыкейдин эсинен эч качан өчкөн жок.

Күздүн караңгы кечи болчу. Жамгыр себелеп, аба ырайы бузулуп турган. Ата-энесинин шаардан кайтып келе жатышканын үйдө баары күтүп отурушкан. Ошол күн алардын акыркы сапары болуп калды.

Жол кырсыгы... Кийин адамдар көп нерсе айтышты. Кимдир бирөө башка айдоочуну күнөөлүү деди. Кимдир бирөө жамгырды себепкер кылды. Ошол кечтен кийин бир үйдө эки гана адам калды, Чачыкей менен Марат.

Ошол түнү Марат ыйлап жатып уктап калган. Ал али окуяны толук түшүнө элек. Ал эми Чачыкей болсо терезенин алдында таң атканча отурган. Анын көз жашы агып жатты, бирок үн чыгарган жок. Ошол түнү ал бир чечим кабыл алды.

Ал турмушка чыкпайт, өз жашоосун курбайт. Инисин адам кылып чоңойтууну башкы максат кылды. Ошондон кийин Чачыкейдин жашоосу өзгөрдү. Мурда күлүп-жайнап жүргөн кыз болсо, эми токтоо, катуу мүнөздүү кызга айланды. Адамдар аны кээде орой деп жактырышчу эмес. Эртең менен эрте туруп жумуш кылганга көндү. Кечкисин чарчап келсе да, Мараттын сабагын текшерчү. Кээде түн ортосуна чейин отуруп кийим-кече тигип, кошумча акча табар эле.

Марат чоңоюп баратты, Чачыкей ага дайыма катуу болчу.

– Эркек адам эч качан алсыз болбошу керек,- деп айтчу ал. – Сен кийин кыйын адам болосуң,- деп да көп айтар эле.

Уландысы шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан