Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда.
Бүгүн, 23-мартта өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында аталган дарыянын тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан тазалоо иштерине зарыл болгон бардык күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө бөлүнгөн. Ак-Буура дарыясынын 17 чакырым аралыгы таштандылардан толук тазаланат.
Министр кызматкерлерге ишти ыкчам, сапаттуу жүргүзүүнү жана жоопкерчилик менен иштөөнү тапшырды.