Бүгүн, 24-январда 17 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Кыргызстан өспүрүмдөр курама командасы “Өнүктүрүү кубогу-2014” эл аралык мелдешинде акыркы оюнун өткөрөт. Бул оюн мелдештеги 11-орундун ээсин аныктайт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, беттеш Бишкек сааты боюнча 13:00дө башталат.
Эске салсак, Кыргызстан курама командасы мелдештин тайпалык баскычында Литва (0:1) жана Украинага (0:5) утулуп, 9-12-орундар үчүн оюн өткөрүп баштаган. 12 команда катышып жаткан мелдеште кыргыз футболчулары Казакстанга пенальтилер сериясында утулуп (9:8), эми Түркмөнстан менен 11-орунду талашат.