Бишкекте оңдоп-түзөөдөн өткөрүлө турган көчөлөрдүн тизмесин кайдан билсе болот? Бул суроого жоопту шаардык мэриянын сайтынан карап алса болорун, бүгүн, 23-мартта вице-мэр Рамиз Алиев билдирди.
Эми кайсы көчөлөр жана тротуарлар курулуп жатканын e-meria.kg интерактивдүү картасынан көрүүгө болот.
Мындан тышкары, сайт аркылуу коомдук транспорттун жана эвакуаторлордун ишин онлайн режимде көзөмөлдөп, кайрылууларды да жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк бар.