Бишкек шаарындагы Фучик көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу турак үй жашоого кооптуу деп табылды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Фучик көчөсү 20 дарегинде жайгашкан турак үйдүн авариялык абалы тууралуу видео кайрылуу түшкөн. Анын негизинде тиешелүү адистер тарабынан ыкчам инженердик текшерүү жүргүзүлгөн.
Текшерүү иштерине Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов баштаган адистер катышкан.
Алдын ала жыйынтык боюнча, имарат көп жылдар бою туура эмес пайдаланылып, өз убагында капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн эмес. Мунун кесепетинен:
Натыйжада, көп кабаттуу турак үйдүн техникалык абалы кооптуу деп бааланууда.
Учурда инженердик изилдөөлөр толук аяктай элек. Анын жыйынтыгында адистер тарабынан расмий техникалык корутунду берилет.
Ошондой эле турак үйдүн жашоочуларына жана Бишкек шаарынын мэриясына имараттын абалы тууралуу маалымат жөнөтүлгөнү белгиленди.