Биз социалдык тармакта

Мекендештерин алдоого шектелип индиялык студент кармалды

Ош шаарында ири суммадагы акча каражатын алдап алууга шектелип 24 жаштагы индиялык студент кармалды. Бул тууралуу 23-мартта калаа милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде билим алат. Ал өзүнүн мекендештеринен ири суммадагы рупий (ред.: Индия валютасы) алып, аны долларга алмаштырып берүүнү убада кылган.
Учурда шектүүгө карата анын 9 мекендешинен арыз түшкөн. Алардын айтымында, алдап алынган каражаттын минималдуу суммасы 35 миң сомду (улуттук валютага которгондо), ал эми максималдуу суммасы 243 миң сомду түзгөн. Жалпысынан жабырлануучуларга келтирилген материалдык зыян 3 миллион сомдон ашкан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан