Кыргызгидромет кызматы маалымдагандай, эртең, 24-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр, ал эми бийик тоолуу чөлкөмдөрдө кар жаайт.
Абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5... +10, күндүз +13... +18;
- Талас жергесинде түнкүсүн +2... +7, күндүз +15... +20;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6... +11, күндүз +18... +23;
- Нарын аймагында түнкүсүн -3... +2, күндүз +5 .. +10;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1... +4, күндүз +8... +13;
- Бишкек шаарында жамгыр жаайт. Абанын табы түнкүсүн +7... +9, күндүз +15... +17 градус жылуу болот.