Бишкекте көчөдө токтоп турган унааларды тоноого шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, райондук милицияга М.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 14-март күнү Honda Accord үлгүсүндөгү унаасынан белгисиз жарандар Samsung A17 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 200 миң акчасын уурдап кеткен.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. Издөөнүн жүрүшүндө мурда бир нече жолу соттолгон жана чөнтөк ууру катары каттоодо турган 26 жаштагы Б.К., 30 жаштагы Н.Р., жана 35 жаштагы Э.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда кармалгандардын 10дон ашуун ушуга окшош кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталып, тергөө улантылууда.