Биз социалдык тармакта

Апасына чалып... Унаа токтотуучу жайдын акысын бербеген айдоочуга чара көрүлдү (видео) 

Бүгүн, 23-март түнкү саат 03:00 чамасында Hyundai маркасындагы унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү унаа токтотуучу жай үчүн төлөм төлөөдөн баш тартып, соода борборлорунун биринин күзөтчүсү менен жаңжалдаша кетишкен.

Окуяны байкаган Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери дароо келип, кырдаалды көзөмөлгө алышкан. Атайын текшерүүдөн өткөрүлгөн соң айдоочу мас абалда болгону аныкталды.

Натыйжада унаа айып короого токтотулуп, айдоочуга карата административдик протокол түзүлдү. Тиешелүү материалдар андан ары чара көрүү үчүн сотко жөнөтүлдү.

Апасына чалып... Унаа токтотуучу жайдын акысын бербеген айдоочу аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан