Ош облусунун Араван районунда Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Х.Ш. жана анын ишенимдүү адамы С.Ш. тарабынан мыйзамсыз жүргүзүлүп келген ишмердүүлүккө бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, аталган жарандар тиешелүү уруксат кагаздарын албай жана мамлекеттик бюджетке салык төлөбөстөн, көмүскө кумар ойноочу жай уюштурушкан. Тинтүү иштеринин жүрүшүндө интернет-казинолорго кирүү үчүн колдонулган 11 даана компьютер, 400 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты жана кумар оюндарын уюштурууда пайдаланылган башка буюмдар табылып алынды.
Шектүүлөр Кылмыш-жаза кодексинин 219-беренесинин 1-бөлүгү (Кумар оюндарын мыйзамсыз уюштуруу) боюнча айыпталып, 19-мартта Ош шаардык сотунун чечими менен тергөө абагына камакка алынышты.