
Өлкөдө 24-28-мартка чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул боюнча ӨКМ билдирүү таратты.
Ага ылайык, бул күндөрү жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Көчкү коркунучу бар аймактар:
- Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
- Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 88-95-чакырымдары (Чапчыма ашуусу);
- Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 0-2-чакырымдары;
- Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдары (Долон ашуусу);
- Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 201-205-260-290-326-349-чакырымдары (Көк-Арт ашуусу)
Мындан улам унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.