Биз социалдык тармакта

Бишкекте адам уурдоого шектелип төрт жаран кармалды, алардын бири өспүрүм (видео)

Бишкекте адам уурдоого шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Свердлов райондук милициясы билдирди.
Маалым болгондой, 17-мартта К.А. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар К.Н. аттуу уулун Аламүдүн-1 кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунан уурдап кеткенин билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза Кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүгүнө (Адам урдоо) ылайык кылмыш иши козголду. Натыйжада шектүү катары 2006-жылы туулган М.Н., Ю.Ф., 2007-жылы туулган И.Р., ошондой эле 2009-жылы туулган жашы жете элек А.Р. аттуу жаран кармалды.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөр жабырлануучуну карызды өндүрүү үчүн уурдашканы аныкталды.
Жыйынтыгында А.Р. аттуу өспүрүмдү Свердлов райондук соту өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкаты менен бошотту. Ал эми калган шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.
Бишкекте адам уурдоого шектелип төрт жаран кармалды, анын бири өспүрүм
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан