22-мартта Кыргызстандын 20дан ашуун журналисти Тажикстанга 5 күндүк пресс-тур менен барышты. Анын алкагында алар өлкөнүн маданияты, жетишкендиктери жана ЖМК тармагы менен кеңири таанышышат.
Алгачкы күнү журналисттер Дүйшөмбү шаарында Нооруз майрамына катышып, Боги Ирам багындагы иш-чараларга күбө болушту. Мында тажик элинин улуттук каада-салтын, маданиятын чагылдырган концерттик программалар көрсөтүлдү.
Нооруз майрамы - тажик элинин эң чоң майрамдарынын бири болуп, 10 күн эс алышат.
Пресс-турга SUPER.KG порталынын, УТРКнын, “Кабар” маалымат агенттигинин, 7-каналдын, Kaktus.media, Tazabek жана башкалардын кабарчылары катышууда.
Бул иш-чара эки өлкө лидерлеринин келишиминин негизинде уюштурулду. Буга чейин тажик журналисттери Кыргызстанга келип, медиа өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгү, маданий-туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышкан.
Белгилей кетсек, ушундай форматтагы иш-чаралар Өзбекстан, Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосунда да уюштурулган.