
Чүй облусунда каракчылыкка даярдык көрүү фактысына шектүү үч жаран кармалып, эки айга камакка алынды. Бул тууралуу 24-мартта облустук милиция билдирди.
Милицияга кайрылган жаран 18-февралда Кеминдеги айланма жолдо анын таанышы жана белгисиз эки жаран алтын зер буюмдарын сатуу шылтоосу менен жолугушууга чакырып, коркутуп, акчасын тартып алууга аракет кылышканын билдирген.
Текшерүүдө 18-февралда 25 жаштагы, 28 жаштагы жана 29 жаштагы жарандар каракчылык кол салууну алдын ала пландаштырып, тапанча менен куралданып, Lexus унаасы менен Кеминдеги айланма жолго барышканы аныкталган. Ошол учурда аларды милиция кармаган.
Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 36 жана 207-беренелеринин (Каракчылыкка даярдык көрүү) негизинде кылмыш иши козголду. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.