Биз социалдык тармакта

Өлкөгө 12 миллион сомдук биологиялык кошулмалардын мыйзамсыз кирүүсүнө бөгөт коюлду

Өлкө аймагына биологиялык активдүү кошулмаларды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалым болгондой, "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагындагы рейд учурунда жүк ташуучу унаадан "ENYIDA" аталышындагы 4400 таңгак биологиялык активдүү кошулмалар табылды. Алдын ала эсептөө боюнча продукциянын жалпы суммасы 12 миллион сомдон ашат.
"Тиешелүү актыларды түзүп, продукция убактылуу тартып алынды. Материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди",- деп белгиленет маалыматта.
Өлкөгө 12 миллион сомдук биологиялык кошулмалардын мыйзамсыз кирүүсүнө бөгөт коюлду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан