Биз социалдык тармакта

Жол милициясы соцтармакта тараган баланын сүрөтү боюнча түшүндүрмө берди (видео)

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы WhatsApp мессенжеринде жол кырсыгына кабылган өспүрүм тууралуу жалган маалыматтар тарап жатканын эскертти.

Ага ылайык, анда жол кырсыгына кабылган бала тууралуу сүрөт тарап, анын ата-энеси табыла электиги жана бала каза болду деген жалган маалымат камтылган.

Милиция тактагандай, 22-мартта Фрунзе-Каховская көчөлөрүнүн кесилишинде 41 жаштагы айдоочу Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаасы менен жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 16 жаштагы баланы сүзүп кеткен. Ал бала №3 Балдар ооруканасына жеткирилген.

Ага айкалышкан оор жаракат жана сол ийининин жабык сыныгы деген диагноз коюлуп, ооруканага жаткырылган. Учурда бала тирүү, дарыгерлердин көзөмөлүндө жана ата-энеси жанында.

Бала каза болду деген маалымат чындыкка дал келбейт.



Жол милициясы соцтармакта тараган бала боюнча түшүндүрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан