Бишкек мэриясы 24-мартта калаада жер пайдалануу шарттарын бузуу менен жайгаштырылган объекттерди бузуу иштери жүрүп жатканын билдирди.

Мэриядагы комиссиянын чечими менен Патрис Лумумба жана Волков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан объекттер менен түзүлгөн келишимдер жокко чыгарылды.

Жалпысынан бул тилкеде 12 объект аныкталган. Учурда 4 күркө ордунан алынып, калган 8 объект боюнча иштер уланууда.

Белгилей кетсек, аталган аймакта Биринчи Май райондук администрациясы тарабынан аймакты көрктөндүрүү, шаардын санитардык абалын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлөт.