Биз социалдык тармакта

1-апрелден тарта электр энергиясына киргизилген чектөөлөр толугу менен алынат

1-апрелден тарта эртең мененки жана кечки жогорку жүктөм сааттарында киргизилген электр энергиясына байланыштуу кубаттуулук чектөөлөрү толугу менен алынат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин электр энергиясын керектөө эң жогору болгон убакыттарда - эртең менен саат 06:00дөн 09:00гө чейин жана кечинде 18:00дөн 22:00гө чейин чектөөлөр киргизилген.

Анын негизинде, 1 фазалуу керектөөчүлөр үчүн кубаттуулук 5 киловаттан 3 киловатка чейин, ал эми 3 фазалуу керектөөчүлөр үчүн 8 киловаттан 5 киловатка чейин төмөндөтүлгөн.

Министрликтен белгилешкендей, бул чаралар Токтогул суу сактагычындеги суунун көлөмү азайганына байланыштуу убактылуу киргизилген. Максат - өлкө боюнча өндүрүлгөн электр энергиясын бардык керектөөчүлөргө тең жана үзгүлтүксүз жеткирүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан